• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Даниел Ажиев 9 жылга кесилди

30 Аяк оона 202416:52 Бишкек Govori.TV

Веб-кам студияларды иштетүүгө айыпталган Даниел Ажиевге сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Соттун чечими менен, Даниел Ажиев мүлкүн конфискациялоо жана 2 жылдык мөөнөткө ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 9 жылга эркинен ажыратылып, 220 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Ал жазасын жалпы режимдеги түзөтүү абагында өтөйт.

Ажиев сойкукана уюштуруу, порнографияны таратуу, уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана алдоо жолу менен мүлктүк зыян келтирүү боюнча күнөөлүү деп табылды.

Ажиев Кыргызстандан 2023-жылдын май айынын аягында чыгып кетип, издөөгө алынган. УКМКнын өтүнүчү менен ал Бириккен Араб Эмираттарына учмакчы болгондо Өзбекстанда кармалган. 4-июнда Ажиев Кыргызстанга экстрадицияланып, УКМКнын СИЗОсуна камалган.

Количество просмотров: 101