• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

14 жашар кыздын өлүмү: Сот шектүүлөрдүн бирин өмүр бою эркинен ажыратты

1 Жалган куран 2023 13:09 Бишкек Govori.TV

Кадамжайда зордукталып өлтүрүлгөн кыздын өлүмү боюнча шектүүлөргө өкүм чыкты. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот шектүүлөрдүн бири Б. у. Э аттуу жаранды 10 жылга кескен. Дагы бир шектүү Г. Д. И күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды.

Эске салсак, 2022-жылдын 4-сентябрында саат 15:25тер чамасында Кадамжай районундагы сел өтүүчү туннелдин ичинде мыкаачылык менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Халмион айыл аймагынын 14 жаштагы К.А. аттуу тургунунун сөөгү табылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары 25, 27 жана 24 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

4-декабрга караган түнү Оштун тергөө абагында отургандардын экөөнүн сөөгү табылган. Жаза аткаруу кызматы алар өз жанын өзү кыйганын маалымдаган.

Окуя боюнча президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына билдирүү жазып, окуяны көзөмөлүнө алганын билдирген.

Количество просмотров: 174