Кыргызстандык мушкер Ихтияр Нишонов Түркияда өткөн Ahmet Cömert эл аралык турниринин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Ихтияр 70 кг чейин салмак чен бирдигинде күч сынашып финалдык беттеште Австралиянын өкүлү Уильям Млачичди утту. Ал беттешти 1/8 финалдан баскычынан баштап Азербайжан, Түркия жана Германия өлкөлөрүнүн спортсмендерин жеңген.
Эскерте кетсек, 29-мартта башталган “Ahmet Cömert” атындагы бокс боюнча эл аралык турнир 5-апрелде аяктады.