• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз балбандары Венгрияда өтө турган рейтингдик турнирге катышат

17 Теке 202511:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Венгриянын Будапешт шаарында Polyák Imre & Varga János Memorial аттуу спорттук күрөш боюнча төртүнчү рейтингдик турнир старт алат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, турнир United World Wrestling (UWW) эл аралык федерациясынын колдоосу менен өтүүдө.

Турнир дүйнөнүн алдыңкы балбандарын чогултуп, рейтингдик упайларды топтоого мүмкүндүк берет.

Мелдештин биринчи күнү эркин күрөш боюнча беттештер менен ачылат. Спортчулар төмөнкү жети салмактык категориядагы күч сынашат: 57 кг, 61 кг, 65 кг, 70 кг, 79 кг, 97 кг жана 125 кг чейин.

Кыргызстандын атынан 61 кг салмак чен бирдигинде эки балбан – Бекзат Алмаз уулу жана Тайырбек Жумашбек уулу – килемге чыгат. 

Количество просмотров: 142