• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Руслан Түмөнбаев АКШдагы турнирде калыска бычак менен жулунган (видео)

21 Тогуздун айы 202414:41 Бишкек Govori.TV

Грек-рим күрөшү боюнча балбан, 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси Руслан Түмөнбаев Филадельфиядагы (АКШ) спорттук иш-чарада жаңжал чыгарган. Бул тууралуу 24.kg сайтына видео жарыяланган.

Маалыматка ылайык, иш-чарага кыргызстандыктар катышкан. Видеодо спортчулардын кармашка даярданып жатканы, судья алар менен баарлашып, биринин курун тууралап жатканы тартылган. Бул учурда көрүүчүлөрдүн ортосунда чыр чыгып, кыйкырык угулат.

Эске салсак, Руслан Түмөнбаев 2019-жылы үй-бүлөсү менен АКШга көчүп кеткен. Ал азыр Чикагодо жашайт.

Количество просмотров: 3100