• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ИИМ: «48 саатка жоголуп кет» оюнунун өспүрүмдөрдүн жоголушуна тиешеси жок

27 Бирдин айы 2019 17:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.02.2019.Govori.TV.

«48 саатка жоголуп кет» оюнунун акыркы учурдагы өспүрүмдөрдүн жоголушуна эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда «48 саатка жоголуп кет» деп аталган өспүрүмдөр үчүн зыяндуу оюндун тууралуу маалымат тарап жатат.

Бул оюн Россиянын аймагында жана башка өлкөлөрдө бир жыл мурда тараган. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын аймагында бул оюндун жайылышы боюнча бир дагы факты катталган жок.

Ошондой эле акыркы учурдагы өспүрүмдөрдүн жоголушу «48 саатка жоголуп кет» оюнуна тиешеси жок. Бирок, ата-энелер балдарынын Интернет-мейкиндиктеги коопсуздугун эстен чыгарбаш керек.

2019-жылдын башынан бери милиция өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча 99 факты катталган. Алардын 91 табылып, дагы 8 өспүрүмдү изделүүдө.

Жоголгон өспүрүмдөрдүн ичинен 53 эркек бала, 43 кыз.

76 өспүрүм ата-энелери менен урушуп үйүнөн чыгып кетишсе, 15 адашып кеткендиги такталган.

Дайынсыз жоголгон жана табылган өспүрүмдөрдүн 6-14 жашка чейинкилер – 45 бала, 15-18 жашка чейинкилер – 40, беш жашка чейинкилер болсо – 6 бала.

Количество просмотров: 4