• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

ИИМ: 5-6-октябрдагы башаламандык боюнча 5 кылмыш иши козголду

6 Үчтүн айы 202116:58 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 5-6-октябрдагы баш аламандык боюнча 5 факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда ИИМдин төргөө кызматынын жетекчиси Сыргак Айткурманов билдирди.

«Биз 3 миңге жакын адамды суракка алдык. Алардын арасында саясатчылар, жеке ишкерлер, милиция кызматы, БШКнын кызматкерлери бар. Азыркы учурда тергөө жүрүүдө, бул факты боюнча фигуранттар бар, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аты-жөнү айтылбайт», — деди ал.

Количество просмотров: 195