• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ИИМ: 6-майга карата Баткенде абал туруктуу

6 Бугу 2021 9:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-майга карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок.

«Чек ара тилкелеринде милициянын атайын кайгуул топтору жергиликтүү тургундарга ар кандай укук бузууларга жол берөө керектигин түшүндүрүүдө. Чек арага чектеш аймактагы коопсуздукту милиция менен бирге, ички аскерлер менен башка күч түзүмдөрү көзөмөлдөөдө»,-деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында жеринде 48 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Баткен ОИИБдин өздүк курамы жана бул аймакка тартылган кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.

Количество просмотров: 122