• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

ИИМ академиясынын курсанты жана КУУ студенти маңзат ташууга шек саналууда

23 Чын куран 201912:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.04.2019.Govori.TV.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан маалыматка караганда, Борбор Азия өлкөлөрүнө психотроптук заттарды ташуу жана сатуу боюнча туруктуу канал аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, бул затты Кыргызстандын аймагында таратууга шектүүлөр кармалды. Алар: ИИМ академиясынын 2-курсунун курсанты жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти. Текшерүү учурунда курсанттан ири көлөмдөгү, 1,075 кг. психотроптук “спайс” заты табылган. Тергөөнүн маалыматына караганда, бул заттын “кара базардагы” баасы 3 млн. сом. Алар жаштар арасында майдалап сатууну көздөгөн.

Учурда спайсты Кыргызстанга ташып келүүгө байланышы бар адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүмдөр арасындагы токсикомания барган сайын өрчүп, аларды дарылаган, реабилитациялаган атайын стационардык бөлүм жок экенин билдирген.

Кыргыз парламенти 2015-жылы түрдүү заттардын аралашмасы кошулган «спайсты» коркунучтуу баңгизаттардын тизмесине кошуп, ага тыюу салган мыйзам кабыл алган.


Количество просмотров: 13