• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ИИМ алдында зомбулукка каршы акция өттү

5 Теке 2022 15:16 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин алдында бүгүн 5-июлда кыз-келиндерге карата зомбулукту токтотуу талабы менен акция өтүп жатат. Укук коргоочулар жана жарандык активисттер катышкан акцияда министрдин отставкасы да талап кылынууда.

Бир нече күндөн бери Кыргызстанда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын окуясы кызуу талкууланууда.

«Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова акциянын максатын бул окуядагы айыптууларды жазага тартууга, мындай кылмыштарды алдын алууга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу аракети менен түшүндүрдү:

«Коомчулук мындай иштерге кайдыгер карабай, жок дегенде сөзүбүз менен айтып, министрге, прокуратурага суроолорубузду берип, сотко да көзөмөл салып турушубуз керек».

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө «Кызымды колдон колго өткөрүшкөн» деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

2021-жылы Кыргызстанда 293 бала сексуалдык зомбулукка кабылганын ИИМ быйыл 4-мартта билдирген.

Количество просмотров: 93