• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ИИМ билдирет: Такталбаган маалыматты таратпагыла

14 Жалган куран 2019 14:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.03.2019.Govori.TV.

12-мартта фейсбук колдонуучу Тилек Таалайбеков өз баракчасында түз эфирден, «Москва шаарында кыргыз кызды 15-20 тажик, өзбек улутундагы балдар 10 күндөн ашык убакта камап алышып, күн-түн зордукташты»,- деген маалымат тараткан. Ал өз сөзүндө зордуктоо фактысы боюнча 16 кылмышкер Москва полициясы тарабынан, 3 айга камака алынды деп билдирген.

https://www.facebook.com/aliev.askat/videos/1021371924739049/

Окуя тууралуу ИИМдин Москвадагы туруктуу өкүлү Аскат Алиев маалымат берди.

Ага ылайык, Москва шаарында жана Москва областында полицияда жогорудагы айтылган факты катталган эмес.

«Москва полициясы жана КРнын РФгы ИИМнин өкүлчүлүгү тарабынан Тилек Таалайбеков аттуу жарандын билдируусу боюнча дыкат териштирүү уланып жатат жана кимде ушул факты боюнча маалымат же жабыркагандар болсо бизге билдирүүңүздөрдү суранабыз. Ал эми видео билдирүү боюнча Россиянын тиешелүү органдары тараптан юридикалык баа берилет. Урматтуу Россиядагы мекендештер, ушундай толук такталбаган улуттар аралык кастыкты козуткан маалыматтарын таратуудан алыс болуңуздар. Улуттар аралык кастыкты козутуу белгилерин камтыган материалдарды даярдоо жана жайылтуу менен алектенген жарандар Кылмыш-жаза кодексинин беренесине (расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертебиз «,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 40