• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

ИИМ Дөө Чынгызга издөө жарыялады

11 Чын куран 201914:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.04.2019. Govori.TV.

ИИМ 1,5 ай мурда жатак абагына чыгарылган Дөө Чыңгыз каймана аттуу Чыңгыз Жумагуловго издөө жарыялады. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматында, 1981-жылы туулган Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Чыңгыз Жумагулов февраль айында жатак абагына чыгарылган.

Ал 2016-жылы адам өмүрүнө кол салууну уюштуруу беренеси менен соттолгон.

ИИМ кечээ Бишкектеги № 2 төрөт үйүнүн алдына ташталып кеткен эки жаранды Чыңгыз Жумагулов сабады деп, ага издөө жарыялады.

Белгилей кетсек, оорукананын алдына ташталгандардын экөө тең уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү, бирөө каза тапты.

Количество просмотров: 29