Коменданттык сааттын эрежесин бузган 70 жаран кармалып, 15 автоунаа токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
«25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2646 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды», — деп айтылат маалыматта.
Алардын ичинен: Бишкек шаары боюнча — 39 Жалал-Абад шаары боюнча – 3, Ош шаары боюнча — 11, Нарын шаары боюнча — 8, Ноокат району боюнча — 2, Ата-Башы району боюнча — 7 жаран кармалып, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ал эми Кара-Суу жана Сузак райондорунда тартип бузуулар катталган жок.
» 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2646 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды», — деп айтылат маалыматта.