• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ИИМ кыз ала качуу кылмыш экендигин эскертти

21 Үчтүн айы 2022 16:07 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги кыз ала качуу салт эмес, кылмыш экенин эскертет жана ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын баса белгилейт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ички иштер министрлиги жарандардан кыз ала качуу жана никеге мажбурлап тургузган окуяларга кайдагер мамиле кылбай, ички иштер органдарына 102 номери аркылуу кабарлап коюну суранат.

«Адамды никеге туруу максатында уурдоо фактысына катыштыгы бар башка адамдарга мыйзам талабына ылайык тийиштүү чаралар көрүлөт»,-деп айтылат маалыматта.

КРнын Жазык кодексинде каралган кылмыштар жана алардын жазалары:

172-берене. Никеге туруу максатында ала качуу

  • Никеге туруу үчүн адамды ала качуу-беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
  • Кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу-жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

173-берене. Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо

  • Бала менен иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо — 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

174-берене. Адамды никеге турууга мажбурлоо

  • Адамды никеге турууга мажбурлоо, ошого тете мажбурлап түзүлгөн никени улантууга мажбурлоо же никеге турбастан чогуу жашоого, же мындай чогуу жашоону улантууга мажбурлоо, ошого тете адамдын никеге туруусуна тоскоолдук кылуу — 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Количество просмотров: 153