• Шейшемби 21 Теке 2026
  • Вторник 21 Июль 2026

«Камаласыңар». Орунбеков эскертүү таратты

20 Теке 202612:38 Бишкек Govori.TV

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, Кыргызстандын маалымат айдыңында чет элдиктер жөнүндө терс маалыматтарды саясатчылардын тарапташтары өздөрүнүн аккаунттары жана фейк аккаунттар аркылуу таратып жатканын билдирди.

«Президент болом дегенде түшүнө акталган таруу кирген саясатчылар бар. Алар өздөрүнүн фейктери аркылуу бийликти жамандап, «кытай басып кетти”, “жерлер сатылып жатат”, “тышкы карыз көбөйүп кетти» деген сыяктуу дооматтарды соцсеттер аркылуу таратып келишкен. Буга чейин Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев жана НПОчулардын фейктери таратып келген болсо, эми аларга Камчыбек Ташиевтин командасынын фейктери кошулду.

Эми эртең ушуларды аныктап, кармап барып камап коюшса, эне аталары жана бир туугандары «балабызды жөн эле камап коюшту, кызыбызды жөн эле сурака чакырды»,-деп наалып чыгасыңар. Ошондуктан азыртадан токтобосоңор жакын арада башчыларыңар менен кошо камаласыңар. Жогорудагы темалар боюнча таратып жаткан маалыматыңар суу кечпейт. Жалган маалыматтарды таратып, улут аралык кастыкты козуткандыгыңар үчүн мыйзам алдында жооп берип, камаласыңар. Токтоткула ушагыңарды. Темир жол бүтүп, завод-фабрикалар салынышы керек. Биз өндүрүшү өнүккөн, экономикасы кубаттуу, эмгек акылары менен жөлөк пулдары жогоруу өлкөдө жашагыбыз келет. Силерге 30 жыл алдандык. Эми алданбайбыз.

Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун мониторинг бөлүмү социалдык тармактар аркылуу коомчулукту козутууга аракет кылган аккаунттарды, алардын байланыштарын аныктап жатат. Мындан тышкары, укук коргоо органдары дагы иш алып барууда. Андыктан, такталбаган жана улут аралык кастыкты козуткан маалыматтарды таратуудан алыс болуңуздар», — деп жазды Орунбеков.

Ошондой эле ал постунда өзү атаган саясатчылардын тарапташтарынын жана аларга байланыштуу делген аккаунттардын да аталыштары менен сүрөттөрүн жарыялады.

Количество просмотров: 105