• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ИИМ: Өлкөдө абал туруктуу жана ички иштер органдарынын көзөмөлүндө

11 Үчтүн айы 2021 10:48 Бишкек Govori.TV

Өлкө аймагында коомдук-саясий абал туруктуу жана ички иштер органдарынын көзөмөлүндө, — деп билдирет Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов.

Анын айтуусуна караганда, өлкө аймагында шайлоо иш-чарасы учурунда ички иштер органдарынын 11 миңден ашык кызматкери күчөтүлгөн тартипте коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылды.

«Анын ичинде, 2 миң 426 шайлоо участогундагы коопсуздукту 5 миң 400дөн ашык кызматкер камсыздап, ыкчам чара көрүүчү 280ден ашык документтештирүү топтору иш алып барды”, — деп Октябрь Урмамбетов маалымат жыйында билдирди.

Жалпысынан шайлоого байланыштуу 112 факты катталган. Анын ичинде, 2021-жылдын 10-январына чейин 78 факты, 10-январь күнү 34 факты (Бишкек шаарында 36, Ош шаарында 14, Чүй облусунда 17, Ысык-Көл облусунда 4, Ош облусунда 25, Жалал-Абад облусунда 8, Талас облусунда 3, Нарын облусунда 2, Баткен облусунда 3) катталды.

Катталган 112 фактынын ичинен 102си боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чечимдер кабыл алынып, 7 факты кылмыштарга, 3 факты жоруктарга сотко чейинки өндүрүштөр жүргүзүлүүдө (Өндүрүштөгү кылмыштар — Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1. Өндүрүштөгү жоруктар — Чүй облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 1).

Чечим кабыл алынган 102 фактынын ичинен 12си Аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлгөн (Бишкек шаарында 8, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1).

Количество просмотров: 41