• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

ИИМ министри Токтогулдун жашоочулары менен жолугушту. Кайсы маселе көтөрүлдү?

6 Теке 2022 12:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-июлда Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков жана президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүнкү жолугушуу учурунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун төрт жүзгө чукул тургундары коомдук тартиптин сакталышы жана жарандардын жашоо-турмушуна байланышкан маселелер боюнча ачык айрым өз ойлорун ортого салышты. Жергиликтүү тургундар төмөндөгү маселелерге токтолушуп, ал маселелерди ыкчам чечүүнү суранышты. Алсак, отуз миңге жакын калкы бар Кетмен-Төбө айылына милициянын айылдык бөлүмчөсүн ачуу, Токтогул районунда туризмди өнүктүрүү, ага ылайык инфраструктураны туристтерге ылайыктап шарт түзүү, суу маселеси, жер маселеси, жайыт маселеси жана ишкерликти өнүктүрүү тууралуу да талкуу суроолор болууда.

Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын аймактарына жумушчу сапары менен чыкканда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда бир катар көйгөйлөр көтөрүлгөн. Алардын көпчүлүк бөлүгүн соттордун чечимдерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине байланыштуу маселелер болгон.

Ошол себептүү, мамлекет башчыбыздын тапшырмасына ылайык башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргызстандын аймактарын кыдырып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алып жана элдин көйгөйүн угуп, милиция менен прокуратура, жалпы эле коомдук тартиптин абалы, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү абал менен жеринен таанышып, бул багытта элдин пикирин, ойлорун сунуштарын жана арыздарын жеринен кабыл алып, аны ыкчам чечүү маселелерин колго алышат.

Количество просмотров: 408