• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ниязбеков Өзбекстандын Ички иштер министри менен жолугушту

20 Баш оона 2022 9:34 Бишкек Govori.TV

Ташкенттеги ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук
министрлеринин Кеңешмесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министри генерал-лейтенант Пулат Бобожонов менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө заманбап дүйнөнүн криминалдык чакырыктарын, атап айтканда маалыматтык чөйрөдөгү кылмыштуулукту, терроризмди жана
экстремизмди, мыйзамсыз миграцияны, баңгизаттарды, курал-жарактард мыйзамсыз жүгүртүүнү жана адамдарды сатууну эске алуу менен өз ара аракеттенүүнү андан ары кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эки тараптуу
ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана
кайра даярдоо, ошондой эле региондук коопсуздукту жана туруктуулукту
чыңдоо маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тармактык ведомстволордун ортосунда узак мөөнөттүү келечекте өз ара аракеттенүү чараларын караган кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Количество просмотров: 191