• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кеминдеги мал уурулук фактыларынын бети ачыла элек

18 Теке 2022 12:30 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Кемин районунда катталган мал уурулук фактыларынын бети ачыла элек. Бул тууралуу Бул тууралуу Ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлда быйКемин району,ылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында жасаган иштери тууралуу отчёт берип жатып айтты.

«Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы мал уурулук фактысын биз дыкат текшердик. Ал жердеги жетекчилердин баардыгы алмашты. Ал эми кемчилик кетирген жетекчилердин тартип жазасы аныкталды. Уурдалган малдарды издөө иштери жүрүп жатат. Кылмыш фактыларынын бети ачыла элек»,-деди министр Ниязбеков.

Үстүбүздөгү жылдын 10-майында көз карандысыз журналист Ыдырыс Искаков
Кемин районунун аймагындагы мал уурулукка байланыштуу катталган
материалдардын фактысы боюнча видео материал жарыялап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Количество просмотров: 192