• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

ИИМ министри жарандык активистти жумушка чакырды

18 Теке 2022 14:04 Бишкек Govori.TV

Мындан ары бийлик алмашуулар болбойт. Бул тууралуу Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.

Жарандык активист Атай Бейшенбек «министр болгонуңузга эки жылдан ашты. Кандай жетишкендиктер жана кемчиликтерди айта аласыз? деген суроо узатты.

Улан Ниязбеков активистке ИИМге кызматка келүүнү сунуштады.

“Мен сизди мамлекет үчүн кызмат кылууга чакырат элем. Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн чогуу иштебейлиби? Качанкыга чейин эле бири-бирибизди сындап жүрө беришибиз керек? 2005-жылы революция элди митингге чогулткан адамдардын күнөөсүнөн улам болду. Мындан кийин бийлик алмашуулар болбойт деп кескин айта алам. Мамлекеттин туруктуулугу үчүн милиция дайыма иштейт жана кылмыштуулукка каршы күрөшөт. Чагымчыл аракеттерге жеткирбегенге аракет кылабыз. Андан көрө ачык эле «мындай көйгөй болууда, анын жолун таптым» деп келиңиздер ”, — деди ал.

Количество просмотров: 3120