• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

ИИМ министринин мурунку орун басары «Азия-Ньюс» гезитин сотко берди

10 Бугу 20199:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.05.2019.Govori.TV.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, «Манас» аэропортунун авиациялык коопсуздук жана тартип дирекциясынын директору Данияр Абдыкаров «Азия-Ньюс» гезитин сотко берди.

Гезиттин башкы редактору Арслан Сартбаевдин айтымына ылайык, сотко бергенине бир айдан ашып калган.

«Улам кошумча материалдарды киргизип жатат. Башында бир миллион сом болчу, эки миллион, үч миллион болуп атып азыр 10 миллион сомго жетти. Макала көп, эң негизгиси суроо эле бергенбиз. «Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнөн акча жасадыңыз беле?» деп суроо койгонбуз. Кийин «ИИМ эмнеге бул фактыны көтөрбөйт?» деп суроо койгонбуз. Эч кандай комментарий, текст да жазылган эмес. Жөн эле суроо коюлуп, экөөнүн сүрөтү менен эле чыгарып койгом»,-деди ал.

Учурда ишти Октябрь райондук соту карап жатат. Эмки сот 29-майга белгиленди.

Эске салсак, киши колдуу болгону айтылган 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул өлүмдү иликтөө боюнча ошол учурда ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган.


Количество просмотров: 14