• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ИИМ: Мончодо өспүрүм баланы зордуктаган факты Кыргызстандын аймагында болгон эмес

25 Үчтүн айы 2021 0:13 Бишкек Govori.TV

Мончодо өспүрүм баланы зордуктаган факты Кыргызстандын аймагында болгон эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө тараган видео боюнча ИИМ маалымат берген болчу.

Сейитовдун айтуусуна таянсак, аталган окуяга байланыштуу ИИМ тактоо жана аныктоо иш-чараларын жүргүздү.

«Маалымат тактала электе эле социалдык түйүндөрдө чагымчылдыкка алдырган жарандар болду. Ошол эле соцтүйүндөр аркылуу ар кандай сүрөттөрдү салышып, ушул жигит экен деген да маалыматтар, аудио маалыматтар да тарап жатат. Божомолго алдырбай, так маалыматтарды күтөлү. Ошол себептүү бул маалыматты тактап койолу дедик. Аталган видеодогу окуя Кыргызстандын аймагында болгон эмес, окуя чет мамлекеттердин биринде болгондугу такталды. Аталган видео бир-эки жыл мурун болгондугу жана бул факты боюнча жоопкерчиликке тартылгандыгы тууралуу маалымат аныкталууда. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аталган окуянын чоо-жайын тактоо максатында ошол мамлекетке ыйгарым түрдө суроо өтүнүчүбүздү жибердик. Кыска убакыттын ичинде бул видео качан болгондугу, кайсы жерде тартылгандыгы тууралуу, кимдер экендиги жана кабыл алынган чечимдер боюнча ыйгарым түрдө билдиребиз», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ал аталган окуя боюнча жакынкы арада кошумча маалымат бериле тургандыгын кошумчалады.

Количество просмотров: 100