• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ИИМ шайлоочунун беткабындагы белги боюнча эмне дейт?

28 Жетинин айы 2021 15:57 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов брифинг учурунда добуш берүүгө келген шайлоочунун беткабындагы белги туурасындагы суроого жооп берди.

Журналист “Бишкектеги №1117 шайлоо участкасында беткабында белгиси бар шайлоочу добуш бергени келгенин жана ал маалымат текшерүүгө алындыбы?” деген суроо узатты.

Макилов добуш берүү башталгандан бери 15 маалымат түшкөнүн айтат.

“Бишкектеги шайлоочунун беткабы боюнча дагы маалымат түштү. Учурда текшерүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Количество просмотров: 192