• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ИИМ: «Спецназды» сабаган видео боюнча сотко чейинки иликтөө башталды

17 Бугу 2019 18:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.05.2019.Govori.TV.

Соцалдык түйүндөрдө белгисиз адам атайы отряддын мурдагы кызматкерин оозго алгыз сөздөр менен сөгүп, сабап жатканын көрүүгө болот. Тараган видео материал боюнча ИИМдин басма сөз кызматы түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, 7-май күнү кечинде, Жалал-Абад ОИИБде 15 жыл мурда иштеген М.Э. аттуу жарандын үйүнө 7-8 адам келип, көчөдөн себепсиз ур-токмокко алышып, денесине ар кандай жаракаттарды келтиришкен. Кол салгандардын бири бычак такап зомбулук көрсөткөнүн, экинчиси ок атуучу курал менен коркутканын үчүнчүсү телефонго тартып аллган.

“Бул факты боюнча текшерүү жүрүп жатат. Материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жалал-Абад ОИИБи тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө. Жабырлануучуну сабап видеого түшүп калган жарандардын өздүгү такталып, алар Сузак районунун жана Таш-Көмүр шаарынын үч жашоочусу болуп чыгышкан. Андан сырткары, жогорудагы укук бузган иш-аракеттерге тиешеси бар делип 1988-жылы туулган М.Э. аттуу “Чач” каймана аты бар жаран уюштуруучусу катары текшерилүүдө.Учурда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин (Бейбаштык) негизинде сотко чейинки иликтөөлөр башталды ”,-деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

видео Эрке-Айым Байышова

Количество просмотров: 18