• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ИИМ: Жалал-Абад облусунда опузалап талап кылган шектүү кармалды

24 Жалган куран 2021 17:13 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын март айынын ортосунда криминалдык түзүлүштөр тарабынан ишкердик субьекттерге коркутуулар болуп жаткандыгы жөнүндө ыкчам маалымат алынган. Ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы жөнүндө кайрылуу келип түшкөндүгүнө байланыштуу, ишкерлердин укуктарын коргоого багытталган иштер жүргүзүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Аныкталган маалыматтар боюнча, 2021-жылдын март айынын ортосунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кылмышкерлер жергиликтүү жашоочудан 5000 АКШ долларын коркутуу жолу менен талап кылышкан.

Бул факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ыкчам-тергөө иштерине ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тартылган.

Опузалап талап кылгандар жергиликтүү тургунга жолугушууну айткан. Алар айткан жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери келген. 2021-жылдын 21-мартында Аксы районунун аймагынан опузалап талап кылган акча каражатынан аз суммадагы 25 миң сомду алган жеринен шектүү кармалган. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жашоочусу 1990-жылы туулган Ж.Т. экендиги аныкталды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Кармоо учурунда шектүүнүн автоунаасынан далил катары эсептелген акча каражаты табылып алынды. Опузалап талап кылуу фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 61