• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев өзүнүн орун басары менен мушташкан эмес

16 Жетинин айы 2018 11:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.11.2018. Govori.TV
ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев өзүнүн орун басары менен мушташканы тууралуу маалыматты четке какты.
Министр Сүйүн Өмүрзаков менен жана башка орун басарлары менен уставдык гана мамиледе экендигин айтты.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ЖМКга жаңжал тууралуу таркап кеткен маалыматты танды.Анда мекеме анын орун басары Сүйүн Өмүрзаков менен карама каршы туруунун натыйжасында экиге бөлүнүп калгандыгы айтылат.
Милициянын генерал-майору Жунушалиев жаңжал тууралуу сөздөрдү ушак деп билдирди.
“Мен бул нерсе тууралуу маалымат жыйынын да өткөрдүм. Мунун баары ушак. Мен министрмин, алар менин орун басарларым. Бизде уставдык гана мамилелер бар. Эч кандай уруш талаш жок”,-дейт Жунушалиев.
Количество просмотров: 52