• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

ИИМде бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду

15 Бирдин айы 2023 12:50 Бишкек Govori.TV

Улан Бердибаев Бишкек ШИИББнын Кылмыш иликтөө кызматынын начальниги болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин буйругу менен милициянын полковниги Улан Бердибаев ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын биринчи башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги кызматына дайындалды.

Ошондой эле милициянын полковниги Азизбек Ташболотов Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн начальниги кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Кара-Суу РИИБдин ыкчам иштери боюнча орун басары кызматына, милициянын майору Чынгыз Айтимбетов Ош облусунун Кара-Суу РИИБдин ыкчам иштери боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Ош ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги кызматына дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчилерге чоң ишеним артылат, анткени жооптуу кызматты аркалоого жана элге ак ниет кызмат өтөөдө жарандардын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө тапшырмалар берилди.

Количество просмотров: 118