• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ИИМдин алдындагы митингге төкмө акындар келип кошулду

23 Үчтүн айы 2022 13:09 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында ушу тапта иликтөөчү журналист Болот Темировду бошотуу талабы менен тынч митинг өтүүдө. Ага белгилүү журналисттер, укук коргоочулар, блогерлер, жарандык активисттер катышууда.

Учурда митингге төкмө акындар келип кошулду. Белгилей кетсек иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында жалпысынан эки адам шектүү катары өтүп жатканын, бири Темиров өзү, экинчиси төкмө акын Болот Назаров экенин бүгүн 23-январда ИИМдин башкармалык башчысы Сапарбек Аманкулов билдирген.

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда маалымат жыйында мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты.

Количество просмотров: 918