• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

ИИМдин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

22 Бештин айы 202015:36 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ЭККМКтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы полициясына “Т.Б.” деген жарандан Ички иштер министрлигинин кызматкери тарабынан 3 миң АКШ доллар суммасында акча талап кылуу фактысы боюнча арызы келип түшкөн.

«Ушул жылдын 21-декабрында, Финансы полициясынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ИТКсы менен биргеликте 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам өкүлү “Р.Б.” кармалды.
Кармалган адам Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген», -деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 10122