• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Ийне менен сайгылап». Ошто эне бала бакчада кичинекей кызы сабалганын айтып чыкты

21 Чын куран 2021 12:32 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы “Жасмин” жеке бала бакчасында тарбиячы кыздын ар кайсы жерине ийне сайгылаган. Бул тууралуу соцтармакка кыздын апасы жазып чыкты.

Жабырлануучу кыздын апасынын айтымында, кыз уктоодон баш тарткандыктан тарбиячы аны мыкаачылык менен сабап, денесине ийне менен сайгылаган.

Соцтармакка кайрылуу жазган эне кызы менен болгон окуяны териштирүү керек деп эсептейт. Ал кызы ким тарабынан жана кантип сабалганы тууралуу угуп өзү шок абалга калган.

Ал эми Ички иштер министрлиги Ош шаарындагы менчик бала бакчалардын биринде наристе кыз сабалган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталганын билдирди.

Ага ылайык, кошумча медициналык экспертиза дайындалды жана иштин мындан башка чоо-жайы тууралуу кабарлаган жок.

Количество просмотров: 1382