• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Икрам иш боюнча сурала элек

16 Жетинин айы 2018 13:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.11.2018.Govori.TV.
Мурдагы президенттин кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмиянов бүгүнкү күнгө чейин бир да көрсөтмө бере электигин анын адвокаты Сергей Слесарев кабарлады. «Азырынча мен эч кандай тергөө аракеттерине катыша элекмин, Тергөө жүрүп жатканы тууралуу мага эч кандай кабар да жөнөтүшкөн эмес. Демек, ал эч кандай көрсөтмө да бере элек», — дейт жактоочу.
Икрамжан Илмияновго 18-октябрда сыртынан айып коюлган. Анын эртеси күнү, 19-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага издөө жарыяланып, Россия Федерациясынын аймагынан кармалып, камакка алынган. Президенттин сайтындагы маалымат боюнча Икрамжан Илмиянов Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн.
Бир нече жыл бою «Кыргызавтомаш» жана «Электротехник» акционердик коомдорунда айдоочу болуп иштеген.
2009-2010 — жылдары «Медиа форум» ачык акционердик коомунда экономисттин милдетин аркалап турган.
Апрель окуясынан кийин Алмазбек Атамбаев алгач Убактылуу өкмөттүн төрага орун басары, андан кийин премьер-министр болуп турганда анын жардамчысы болгон.
Количество просмотров: 29