• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Икрамов: «Бул жакшы нерсе эмес! Сөз эркиндигин сактайлы…»

16 Жетинин айы 2022 11:12 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 15-ноябрда Бишкекте Ак үйдүн жанында Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы акцияга 15ке жакын адам чогулган. Бирок, милиция кызматкерлери чогулгандарды Максим Горький атындагы бакка барууну суранышты. Тартип сакчылары муну Жогорку Кеңештин имаратынын жанында митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган соттун токтому бар экени менен түшүндүрүштү. Чогулгандар Горький багына кетишти.

Ал эми аянтка келген укук коргоочу Азиза Абдрасулованы милиция кармап кетти. Аны коё берүүнү талап кылган Сапар Аргымбаев да алып кетишкен.

Милиция кызматкерлери укук коргоочу Азиза Абдрасулова, Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев жана башка 4-5 адам болуп тургандарды Ак үйдүн алдынан кетүүсүн айтышкан.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова митинг уюштурбастан жөн эле турганын айткан. Ал эми тартип сакчалары укук коргоочунун кармалуусун тартипке баш ийбөө деп баалашкан. Ошондой эле, милиция Азиза Абдирасулова ичимдик ичип алганын айтышып, аны текшерүү үчүн наркологияга алып кеткен. Мындай жагдай коомчулуктун нааразычылыгын пайда кылган.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өлкөдө мыйзамдуулук сакталбай жатканынын айтып, нааразы болду. Анын айтымында нааразылыкка чыккан укук коргоочу Азиза Абдирасулованын кармалышы элдердин кыжырын тийген.


«Менин айтайын дегеним, көптөгөн элдердин кайрылуусу болуп жатат. Негизги маселе элдер укук коргоочу Азиза Абдирасулованын кармалышы боюнча кайрылуулар келип түшүп жатат. Биз негизи конституцияга каршы иш алып барып жатабыз. «39-беренеде эл өзүнүн нааразычылыгын чыгып айтканга укуктуу»,-деп турат да. Буга карабастан жаш-карысы дебей, аялдарга карабастан ушул нерсеге барып жатабыз. Бул жакшы нерсе эмес. Мындайча айтканда 30 жылда мындай болгон эмес. Сөз эркиндигин сактайлы. Конституциянын негизинде иш алып барсак жакшы болот эле. Болбосо Түркмөнстандын конституциясын алып келип, кабыл алып берели да, ошого жараша иш алып баралы»,-деди Икрамов.

Количество просмотров: 206