• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Икрамов: «Бүгүнкү күндө окуучуларга 7сомдук тамак берүү акылга сыйбайт…»

6 Чын куран 202311:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов 2006-жылдан бери мектептердеги ысык тамакка бөлүнчү акча 7сом боюнча турганынын сынга алды. Анын айтымында учурда 7 сомго окуучуга ысык тамак берүү акылга сыйбаган иш.

«17 жыл мурун окуучуларга 7сомдук ысык тамакка бөлүнгөн акча ошол бойдон турат»,-дейт Икрамов.

Мындан улам депутат өкмөт өкүлүнө протоколдук тапшырма бере тургандыгын айтты.

Количество просмотров: 164