• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Икрамов: Өз тилибизди мыкты билишибиз керек. Бирок, орус тили экинчи тил катары кала берсин…

13 Чын куран 2023 10:26 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов баш мыйзамда бир гана кыргыз тили болушу керекпи?,-деген суроого өзүнүн пикирин билдирди.

Буга чейин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө маалыматтын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилеген.

Кыргыз тилинин статусун мамлекеттик тил катары мыйзамдык жана конституциялык жактан белгилөө кыргыз тилин өнүктүрүү, аны коомдук жана мамлекеттик турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндө кеңири колдонуу үчүн укуктук негизди түздү.

Кыргыз тили мамлекеттик тил катары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендик белгилеринин бири болуп саналат жана мамлекеттүүлүктү чыңдоо жана улуттарды консолидациялоо аркылуу өлкөнүн саясий, экономикалык жана руханий илгерилешине өбөлгө түзүүгө чакырылган. Коом өзүнүн билимдүү өкүлдөрү аркылуу мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана өстүрүүгө жигердүү катышууга тийиш, ал эми мамлекет буга таасирдүү колдоо көрсөтүүгө милдеттүү.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы өз учурунда кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошкон жана белгилүү өлчөмдө анын милдеттерин кеңейтүүгө көмөкчү болгон. Бирок кийинчерээк коомдогу олуттуу өзгөрүүлөрдүн натыйжасында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын көптөгөн жоболору ишке ашпай калды, ал эми алардын айрымдары иштебей же жаңы турмуш шарттарына жооп бербей калды. Өткөн жылдар мамлекеттик тил маселесин чечүүгө саясий-административдик үстүртөн мамиле жасоо ойдогудай натыйжа бербей тургандыгын көрсөттү. Анын үстүнө, ар кандай тарыхый жана объективдүү себептерден улам кыргыз тили мамлекеттик тилдин милдеттерин аткарууга даяр болгон эмес. Мамлекеттин муктаждыктарын толук камсыз кылуучу көп функциялуу тил катары анын калыптанышы үчүн шарт түзүү бүгүнкү күндөгү башкы милдет болуп саналат.

Количество просмотров: 123