Кыргызстанда ушул жылдын алты айында 9 аял төрөттөн каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева 23-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Камила Талиеванын суроосуна жооп берип жатып айтты.
Ал баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө адистер тартыш болгондуктан келген бейтаптардын абалы оорлошуп кетип жатканын билдирди. Камила Талиева төрөтканаларда коррупция бар экенин айтып, сынга алды.
“Төрөгөнү барган келиндер “менин акчам жок эле карабай койду” деп жазып атышат. Кошуна өлкөдөн келген аялдарды жакшы карашат экен. Эмне бизде төрөтканалар жеке менчик болуп калды беле? Мамлекеттик ооруканалар да”, — деди ал.