Италиялык легендарлуу дизайнер Жорджио Армани 91 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу бейшемби күнү ал негиздеген Armani Group компаниясы билдирди.
Армани 1934-жылы Италиянын Пьяченца шаарында төрөлгөн.Алгач медицина багытында билим алып, кийин мода дүйнөсүнө аралашкан.
1975-жылы Серджо Галеотти менен чогуу Giorgio Armani S.p.A. компаниясын негиздеп, өзүнүн алгачкы коллекциясын сунуштаган. Убакыттын өтүшү менен анын бренди кийимден тартып парфюмерияга, косметикага, үй буюмдарына чейин кеңейген.