• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Илимий изилдөөлөргө жыл сайын 5 млрд сомго жакын каражат бөлүнөт

4 Жалган куран 202312:28 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмеси өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Анда Акылбек Жапаров эми жыл сайын мамлекеттик органдарга бөлүнгөн каражаттардын 1%ы илимий изилдөөлөргө багытталарын айтты.

«Бул болжолдуу түрдө жыл сайын 5 млрд сомго жакын каражат. Мамлекеттик органдар ата мекендик окумуштуулар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түзүмүнө кирген илимий-изилдөө институттары тарабынан жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн заказ кылуучусу болуусу тийиш. Ошол эле учурда натыйжалуулугу өтө төмөн болгон Улуттук илим фондун кайра түзүү зарыл», — деди ал.

Количество просмотров: 138