• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сокулуктагы бала бакчада 5 жашар кыз каза болгон

10 Бештин айы 202410:29 Бишкек Govori.TV

22-октябрда Сокулук районундагы «Алтын балалык» бала бакчасында 5 жаштагы кыз каза болгон.

Бул иш боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин баштаган. Милициянын кабары боюнча, 22-октябрда кечки саат беш жарымдар чамасында Сокулук РИИБине ооруканага каза болгон кыздын жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн. Ушундан кийин иликтөө иштери башталган.

Тергөө ыкчам тобу ооруканага барып, бардык жагдайларды териштирген, натыйжада шалаакылык боюнча иш козголгон.

Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчада каза болгон 5 жашар кыз боюнча түшүндүрмө берди.

“Министрлик окуя тууралуу кабар жетер замат комиссия түзгөн. Комиссия аталган бала бакчага барып, тиешелүү маалыматтарды алып, райондогу бала бакчаларда балдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырган. Бул окуя министрликтин көзөмөлүндө турат жана тергөө иштеринин жыйынтыгы чыккандан кийин кошумча маалымат берилет”, — деп билдирген.

Кыздын ата-энесинин айтымында, соттук-медициналык экспертизада «кыз кусундусуна какап калган» деген жыйынтык чыккан. Ошондой эле кыздын кара куш мээсинде уюган кан бар экени, ал наристе тирүү кезинде аз убакыт мурда пайда болушу мүмкүн экени да белгиленген.

Количество просмотров: 259