• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

COVIDден кийин адамдар 13 оору менен тез-тез ооруй башташкан

4 Жетинин айы 202416:26 Бишкек Govori.TV

COVIDден кийин кеминде 13 жугуштуу оору пандемияга чейинки деңгээлден ашкандыгы айтылды. Бул тууралуу Bloomberg маалымат агенттиги жазып чыкты.

Bloomberg News Airfinity менен биргеликте оорулардын кайра жанданышын картага түшүргөндө акыркы учурларда суу чечек, холера, дене ысытмасы, кызамык, микоплазма пневмониясы, парвовирус В19, инвазиялык А тобунун стрептококку, көк жөтөл, сасык тумоо, жапайы полиовирустун 1-түрү, вакцинадан алынган полиовирус жана кургак учук көбөйгөнү байкалган.

Клиникалык лабораториялык изилдөөлөргө ылайык, АКШда сасык тумоо учурлары пандемияга чейинки жылдарга салыштырмалуу 40% га көбөйгөн. Кытайда акыркы төрт айда көк жөтөлгө чалдыккандардын саны былтыркыга салыштырмалуу 45 эсеге өскөн. Мындан тышкары дүйнөдө өлүм да салыштырмалуу көп катталганы байкалган.

Кыргызстанда деле сасык тумоо мурдагыдай болбой, оор өтүп жатканы эл арасында айтылууда. Бирок бул тууралуу өлкөдө кеңири изилдөө жүргүзүлө элек.

Количество просмотров: 386