• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кыйын: Качан Кыргызстан илимий ачылыштар менен дүйнөнү дүңгүрөтөт? (Түз эфир)

10 Жетинин айы 2023 16:32 Бишкек Govori.TV

10-ноябрь окумуштуулар менен илим ишмерлердин кесиптик майрамы.

Кыргызстандагы Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Учурда академияга караштуу 20 илимий мекеме бар. Жалпы 1575 киши эмгектенсе, анын 880ден көбү илимий кызматкер. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген.

Институттун ишмердиги сынга алынып, бул тармакты реформалоо зарылдыгы айтылып жүрөт. Буга чейин бул жайга барган Садыр Жапаров Илимдер академиясы музейге эмес, иш кайнаган жерге айланышы керек экенин белгилеген. 

Кыйын ток шоунун катышуучулары:

Бактыкан Төрөгелдиева — саясий илимдин доктору, тарых илимдин кандидаты, Ж. Абдрахманов атындагы КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору;

Лайли Үкүбаева — Филология илимдеринин доктору, профессор.

Модератор Кайыргуль Урумканова.

Количество просмотров: 353