Маалыматка ылайык, буга чейин мындай аракет 2016-жылы жасалган, бирок имамдардын билим деңгээли өтө эле төмөн болгондуктан аларды адегенде окутуу керек деген чечим кабыл алынган. Үч жылдан бери “Ыйман” фонду менен биргеликте окуу өткөрүлдү.
“Кээ бирлеринин мектеп деңгээлиндеги да билими жок болчу. Үч жылдан бери биз аларды “Ыйман” фонду менен бирге окуттук.Курандан тышкары мамлекеттик саясат, риторика, “Манас”, каада-салттар деген темаларда окушту” деп кошумчалады Дин комиссиясынын өкүлдөрү.
Дин комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2647 мечит, 107 медресе, 10 ислам институту бар. Имамдардын саны 2800дүн тегерегинде.