• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Имамидин Ташов 22-майга чейин камалды

23 Чын куран 2024 17:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «бийликти күч менен басып алууга аракет кылган» деп шектелип, үч айдан бери издөөдө жүргөн Имамидин Ташовдун баш коргоо чарасы каралды.

Соттун чечимине ылайык, ал 22-майга чейин камакта болот.

Ташовдун апасы Саиджамал Абдукаимава баласы менен акыркы жолу качан сүйлөшкөнүн айтып, иштин мыйзамдуу каралышын талап кылды.

Эске салсак, Ташов кармалганын УКМК 22-апрелде кабарлаган. Ташов Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган.

«И.Ташов Кыргызстан жана Казакстандын Республикасынын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды. Издөөдө жүргөн Ташов бийликти басып алуу максатында, калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган”, — деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

41 жаштагы Имамидин Ташов былтыр октябрда УКМК тарабынан кармалып, кайра бошотулган. Кийин ал өздөрүн УКМК кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар аны күч колдонуп уурдап, сегиз күн кармап, 100 миллион сом талап кылганын айтып видеокайрылуу жасаган. Бирок көп өтпөй УКМК Ташовдун активист менен төңкөрүш жасоо тууралуу сүйлөшкөн видеосун жарыялаган.

Количество просмотров: 99