• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Имамидин Ташов сотто мойнун тилип жиберди

6 Бештин айы 202412:39 Бишкек Govori.TV

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурумдун аягында белгисиз нерсе менен мойнун бир нече жолу тилип жиберип, эс-учун жоготту. Конвойлор аны кармап калышты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Ушул эле отурумда судья аны 2025-жылдын 8-февралына чейин камакта калтырган.

Видео укук коргоочу Азиза Абдирасулованын фейсбук баракчасынан алынды.

Эске салсак, атайын кызмат Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Имамидин Ташов кыйноого кабылганы тууралуу абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнда аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого алышканы жазылган.

УКМК ишкердин тергөө абагында кыйноого кабылгандыгы чындыкка дал келбесин билдирген.

Количество просмотров: 631