• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Имамидин Ташов ооруканадан кайра абакка жеткирилди

6 Бештин айы 202414:27 Бишкек Govori.TV

Сот отурумунда мойнун кесип, ооруканага жеткирилген Имамидин Ташовдун кайра абакка которулду.

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өткөн отурумда мойнун тилип жиберип, эс-учун жоготкон.

Эске салсак, атайын кызмат Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Имамидин Ташов кыйноого кабылганы тууралуу абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнда аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого алышканы жазылган.

УКМК ишкердин тергөө абагында кыйноого кабылгандыгы чындыкка дал келбесин билдирген

Количество просмотров: 275