• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Имамидин Ташовдун соту 29-октябрда болот

24 Тогуздун айы 202410:20 Бишкек Govori.TV


Бишкектин Биринчи май райондук соту ишкер Имамидин Ташовдун кылмыш ишин 29-октябрда карай тургандыгын анын жактоочусу Самат Матцаков билдирди.

Сот процесси ушул күнү саат 16:00дө судья Ч. Бердимуратованын жетекчилиги алдында өтөт.

Имамидин Ташов КР Кылмыш-жаза кодексинин 36-326-беренелери (бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү), ушул эле кодекстин 327-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту(массалык маалымат каражаттарын колдонуу менен бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоо) жана Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү(Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өтүү) боюнча айыпталып жатат.

И. Ташов 2024-жылдын 22-апрелинде УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Количество просмотров: 148