Бишкек. 14.02.2019. Govori.TV.
Социал демократтар фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишимди ратификациялоодо Жогорку Кеңеш макулдугун бергенин белгилеп, парламент депутаттарынын, ал кездеги төраганын жоопкерчилиги тууралуу маселени парламент жыйынында көтөрдү.
Карамушкинанын сөзүнө ЖК депутаты Каныбек Иманалиев жооп берип, жылына бирден Жогорку Кеңештин төрагасын камап туруу керектигин айтты:
«Эгер Ирина Юрьевнанын логикасына таянсак, анда жылына бирден ЖК төраганы камап туруш керек. Себеби мындай, биз жакында бюджетти бекиттик 156 млд сом. Ошолор министрликтерге, жолго, мектептерге бөлүнөт. Анан Ипподромдо жегендей, Тарых музейинде жегендей жешет. Түздөн түз жегендер бар, анан ошого төрага жооп берүүсү керекпи? Мына логикасынын деңгээли»,-деди депутат.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш бүгүн Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматын угуп жатат.