• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Иманалиев: Эгерде өкмөт Жогорку Кеңешке отчет бербесе, анда парлементтин кереги жок

22 Теке 2021 11:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамдын долбоорун биринчи окууда талкуулап жатышат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси катары президент көрсөтүлгөн.

Депутат Каныбек Иманалиев «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынса Жогорку Кеңештин кереги жок болуп каларын, бул документтин ченемдери мамлекеттик бийлик институттарын алсыратууга багытталганын айтты.

«Мыйзам долбоордун 3-беренесинде министрлер кабинети өз ишин президенттин гана тапшырмаларынын жана көрсөтмөлөрүнүн негизинде жүргүзөт деп айтылат. Жогорку Кеңеш жөнүндө бир дагы сөз жок. Министрлер кабинети президентке гана жооп берет. Мындай көрүнүш 30 жылдан бери болгон эмес. Эгерде өкмөт Жогорку Кеңешке отчет бербесе, анда парлементтин кереги жок. Эгерде ушул бойдон кала турган болсо, аны талкуулап да кереги жок. Бул түздөн-түз парламентаризмди талкуулай турган статья», — деди депутат.

Количество просмотров: 1793