• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Иманалиев: Жыл сайын министрлер алмашат, ар бирине үй сатып бергенге өкмөттүн чама-чаркы жетеби?

23 Теке 2021 14:35 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш 22-июлдагы жыйынында президент Садыр Жапаров сунуштаган төрт мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарды. Алар: “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам долбоорлору.

Парламенттеги талкуу жүрүшүндө көптөгөн депутаттар документти сынга алып, президент жана өкмөт мүчөлөрүнө кеңири укуктар менен өзгөчө артыкчылык берилгенин белгилешти.

Депутат Каныбек Иманалиев бюджеттин эсебинен министрлерди турак үй менен камсыз кылыш керек деген эреже элдин кыжырын келтирерин эскертти.

“Бул жакта бардык министрлер мамлекеттин эсебинен бекер үй менен камсыз болот деп жазып коюптурсуздар. Анда эсептеп чыгыш керек: канча министр бар, ар бирине канча сомдон үй алып бересиңер, ошол бюджетке кирдиби? Бизде мугалимдер, дарыгерлер, маданият өкүлдөрүнүн үйү жок. Жыл сайын министрлер алмашат, анан жыл сайын ар бирине үй сатып бергенге өкмөттүн чама-чаркы жетеби?”.

Количество просмотров: 295