Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге болгон кол салуу боюнча өз пикирин билдирди.
Анын айтымында, саясатчыбы же жөнөкөй жаранбы, ар биринин коопсуздугу сакталуусу керек.
«Мен азыр барып да толугураак, так маалымат алам. Андай болбош керек эле. Текебаев эмес, белгилүү саясатчы эмес, жөнөкөй жарандын да кол тийбестиги сакталыш керек. Мыйзам иштеш керек. Ар бир жарандын коопсуздугу мамлекет тарабынан кайтарылыш керек», — деди ал.