• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Өмүрбек Текебаев өзүнө болгон кол салуу боюнча эмне дейт? (түз эфир)

1 Бештин айы 2021 16:36 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болуп, анын телефонун белгисиз бирөлөр алып кетишкен. Өмүрбек Текебаев дин айтымында бул окуя менен аны коркутуу аракети болгон.

Текебаевдин айтымында, кол салгандар анын уюлдук телефону менен көз айнегин алып кетишкен.

«Бул жерде айдан ачык эле коркутуп алабыз, Текебаевди сабасак эле баш ийдирип алабыз деп жатышат. Бийлик буларды таап камабаса шайлоо адилеттүү өттү дегенге эч ким ишенбейт. Менин оюмча мындай коркутуп-үркүтүүлөр мындан кийин да күчөйт. Шайлоонун жыйынтыгына эмнеге нааразы болуп жатасыңар деген сөздөр айтылып жаткан. Мага келгендер да эмнеге нааразы болуп жатасыңар, эскилер кетиши керек деп жатышты. Бул окуя президенттин ишине көлөкөсүн түшүрдү деп эсептейм. Топурап бир топ балдар журуштү. Мени унаага салуу аракетин кылышып, белгисиз жакка алып кетебиз деген аракет кылышты», — деди Текебаев.

Текебаев ошондой эле учурда милицияга арыз жазганын кошумчалады.

Количество просмотров: 3095